Астанада автобус кырсыгынан оор жаракат алып, эки буту кесилген 7 жаштагы Алуа Бекендин үй-бүлөсүнө 4 бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
Маалыматка караганда, үй салынып жатат. Октябрда берилет. Курулуш компания үй салынып бүтсө оңдоо иштерине жардам берүүнү убада кылган.
Кыз азыр ооруканада. Апасы кызын кароо үчүн жумуштан кеткен. Эми кыздын дарылануусуна акча чогултулуп жатат. Акимчилик 40 миллион теңге берилерин убада кылышкан.