Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болгон. Кырсык болгон учурда балдардын ата-энеси жумушта болгону маалымдалган.
6 жаштагы Раян, 5 жаштагы Райс, 4 жаштагы Диар, 2 жаштагы Нурхан, 8 айлык Алихан 6-июнда жерге берилди. Алардын үйү өрттөн кийин жараксыз болуп калган. Бөбөктөрдүн сөөгү үй-бүлөнүн жакын тууганыныкынан чыккан.
Кырсык болгон күнү кошунасы үйдөн түтүн чыгып жатканын байкап, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырган. Алар келгенде эшик ичинен илинген үчүн сыртын өчүрө беришкен. Дагы бир кошунасы келип, үйүндө балдар бар экенин айтканда эшикти сындырып киришкен. Балдардын баары бир бөлмөдө болгон.
Эмне үчүн кырсык болгон күнү балдар үйдө болгонун айылдаштары айтып беришкен эмес. Бирок өз ара сүйлөшүүдө райондун борборунда жашоо оор экенин, туруктуу жумушу барлар гана жакшы жашап жатканын айтышкан.
«Бизде бала бакча бар. Бирок ага акчасы барлар гана балдарын берет. Буларда акча болгон эмес. Ар бир балага ай сайын 14 миң теңге төлөш керек. Аны каяктан алат? Балдарга тамак бериши керек, кийим керек, ооруп да калышат. Эгер үй-бүлөнүн акчасы болсо апасы эмчектеги баласын таштап коюп, ишке чыгат беле?«,- дешет кошуналары.