Алматыда операция болгон аялдын ичинен марли табылганын Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка караганда, ал 9 айдан бери ич көңдөйүнө бөтөн нерсе менен жүргөн. Аял ооруп жатканына арызданган, бирок анын себебин эч ким түшүнө алган эмес. Кийинчерээк дарыгерлер анын курсагында марли унутуп коюшканы белгилүү болгон.
Жактоочусунун айтымында, аял өткөн жылдын август айында Алматыдагы №2 төрөтканага кайрылган. Ал кесерево менен төрөгөн. Эртеси күнү эле ооруп жатканын айткан, бирок дарыгерлер «баары жакшы» деп коюшкан. Келин 9 ай бою оорудан кыйналып, баласын карай албай, тамак ичпей, арыктап да кеткен.
2025-жылдын май айында шишик бар деген шектенүү пайда болгон. Аны дароо ооруканага жеткиришкен. 3-июнда операция жасалып, ичинен марли табылган. Ал ириңдетип, ички органдарды жабыркаткан. Ичегилерди кесүүгө туура келген.
Жабырлануучу тарап шалаакылык үчүн бардык күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн сотко кайрылмакчы.