Казакстандын Алматы облусунда өлтүрүлгөн иттин ээси кенемте талап кылууда. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Алматы облусунун Жалпаксай айылында иттер 10 жаштагы баланы талаган. Мектеп окуучусу оор жаракат алып ооруканага жаткырылды. Анын кулагы жулунуп, буттары жабыркаган. Баланы жолдон өтүп бара жаткан киши сактап калган. Аны аман алып калыш үчүн жаран иттерди бычак менен өлтүрүүгө аргасыз болгон.
Баланын өмүрүн сактап калган Серикбек Сахайбеков азыр жагымсыз абалга кептелди: иттердин ээси андан өлтүрүлгөн жаныбарлар үчүн кенемте талап кылууда.
«Оң кулагы жулунуп, кан оозуна агып жатыптыр. Башка адам болсо эмне кылат эле? Иттер баланы өлтүрүп салышы керек беле? Же карап турушум керек беле? Ит кымбат деп айтышты, төлөшүм керек…» ,- дейт ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram