2024-жылдын май айында Алматы шаарынын тургуну 22 жаштагы Акнар Гүлстан көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап, алган жаракатынан улам каза болгон. Кыздын жакындары өз жанын кыйды деген маалыматка ишенбей, видеолорду таап далил катары көрсөтүшкөн. «Ошого карабай, кызымдын өлүмүнө шектүүлөр эркиндикте жүрөт» деген апасы маалымат жыйын берди.
Кыздын апасынын айтымында, Акнар Гүлстан көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулар алдында кыйноого кабылган болушу мүмкүн. Себеби, медициналык экспертиза анын денесинде тактар, тиштелген жерлер жана тытык бар экенин, манжасынын тырмагы сынганын, чачы жулунганын чыгарып берген. Ошондой эле апа кызынын кыздар тарабынан сабалып жатканы тартылган видеону көрсөткөн. Маркумдун апасы кызын эки курсташы кыйнап, терезеден ыргыткан деп эсептейт.
Укук коргоочу Инга Иманбайдын айтымында, милиция «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, маркум менен батирде болуп, болжолдуу түрдө аны кыйнаган кыздар азыр да эркиндикте жүрүшөт. Андан бери канча убакыт өтсө да, кыйноо беренеси менен кылмыш иши козголгон эмес.
Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы Tengrinews.kz кабарчысына бул иш жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдирген. Башкармалык дагы бул иш боюнча кылмыш иши козголуп жатканын айтып, бирок беренени тактаган эмес.
Посмотреть эту публикацию в Instagram