Кытайдын Ооруларды көзөмөлдөө борборунун башчысы Гао Фу коронавируска каршы кытай вакциналарынын натыйжасы төмөн болуп жатканын моюнуна алды. Ал бийлик эффективдүүлүктү арттыруу үчүн аларды айкалыштыруу ыктымалдыгын карап жатканын айтты.
Гао Фу Кытай бийлиги ар түрдүү техникалык линиядагы вакциналарды колдонуу мүмкүндүгүн талкуулап жатканын белгиледи. Бул кытай аткаминери тарабынан жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина COVID-19 вирусунан жетиштүү деңгээлде коргобой жатканын моюнуна алган биринчи учур.
Ал арада Бээжин чет өлкөлөргө, анын ичинде Мексика, Түркия, Индонезия, Венгрия, Сербия, Бразилия жана Чилиге 1 миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Кытайда вакцинанын эки компонентин 35 миллиондой, бир дозасын 65 миллион киши алган. Бразилияда жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, «Sinovac» вакцинасы вирустан 50,4 пайыз гана коргойт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугу 50 пайыздан кем болбошу керек деп эсептейт. Маселен, «Moderna» менен «Pfizer-BioNTech» вакциналары вирустан болжол менен 95 пайыз коргоого кудуреттүү.
Кытай Кыргызстанга 150 миң доза «СиноФарм» вакцинасын жардам катары берген. Ал 75 миң кишини эмдөөгө жетет.