Соуиалдык тармактарда Кытайдагы жер титирөө учурунда баланын баш калкалоочу жайдан столдун үстүндө калган тамак-ашты алуу үчүн чуркап чыкканы тартылган видео тарап, талкуу жаратты.
Окуя 23-июнда Цинюань шаарында үй-бүлө үйдө тамактанып отурган учурда болгон. Күчү 4,3 баллга жеткен жер титирөө маалында үй-бүлөнүн башчысы кичүү уулу менен дароо чыга беришке чуркап, өздөрүн мүмкүн болгон коркунучтан сактап калууга аракет кылышкан.
Бирок алардын улуу баласы адегенде алардын артынан ээрчип, бирок күтүлбөгөн жерден артка бурулуп, кайра чуркап келип, тамак жеп калууга үлгүргөн. Андан соң, кайра чуркап келип тамакты идиши менен көтөрүп кетүүгө аркет кылган.