Кечээ, 28-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусу болуп өттү. РИА Новости Твиттердеги баракчасына айрым мамлекет башчыларынын жыйынга бара жаткандагы видеосун жарыялады.
Видеодо Беларустун президенти Александр Лукашенко Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди тепкичтен түшүрүп, унаага отургузуп жатканы көрүнөт. Видеонун экинчи бөлүгүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин унаага отуруп жаткандагысы тартылган.
Лидеры СНГ в Петербурге: Назарбаев в шапке, Путин в куртке с норковым воротником, Лукашенко в пиджаке и с сыном Николаем. pic.twitter.com/6daWPHhP8B
— Кремлевский пул РИА (@Kremlinpool_RIA) December 28, 2021