Москва шаарынын аймагында 23-февралга караган түнү абанын температурасы -27 градуска чейин төмөндөйт деп күтүлүп жатат. Мындай суук 65 жылдан бери боло элек, деп маалымдайт «РИА Новости».
Архивди карасак, метеорологдор Москва шаарында 1956-жылы ушул күнү -27,1 градус болгонун айтышкан. Ал эми абсолюттук рекорд 1945-жылы катталып, абанын температурасы 30,5 градуска жеткен.
Метеорологдор февралдын аягында күн жылып баштайт деп күтүп жатышат.