Москвада Владимир Лениндин сөөгүн мавзолейден уурдоого аракет кылган мас адам кармалды. Бул тууралуу ТАСС жазды.
«Окуя 6-февралга караган түнү болгон. Ал киши Владимир Лениндин сөөгү жайгашкан мавзолейди ачып, аны уурдап кетүүгө аракет кылганда кармалган. Кармалган адам мас абалында экени аныкталды», — деп айтылат маалыматта.
Анын айтымында, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, дарыгерлер кармалган адам мас абалында психикалык жактан жабыркаганын аныкташкан.