Орусия президенти Владимир Путин Казакстанга расмий сапар менен барганын Акорда билдирди.
Орус лидерин Астана аэропортунан президент Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрү пландалып, анда казак-орус стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери талкууланат.