Radio France’тин журналисттери соцтармактарда Луиза Розова деген ат менен белгилүү 21 жаштагы Елизавета Кривоногих, 2020-2024-жылдары Париждин сегизинчи районундагы ICART искусство мектебинде окуганын ырасташты.
Маалымат бөлүшкөн студенттердин айтымында, Елизавета токтоо, саясатты талкуулоодон качкан жана үй-бүлөсү, атасы жөнүндө эч маалымат айтпаган кыз эле. Аны тааныгандар 2024-жылдын июль айында Кривоногих диплом алганын, андан кийин мектепке келбей калганын билдирген.
Буга чейин украин маалымат каражаттары Парижде окуп жүргөндө ал Руднова фамилиясын колдонгонун жазышкан. «Проект» басылмасы 2020-жылы Кривоногихти Владимир Путиндин кызы деген болжолду жазган.
Журналисттердин айтымында, апасы Светлана кызы төрөлгөндөн кийин «Россия» банкынан үлүш алып, Москвада элиталык турак жай сатып алып, тоо лыжа базасы менен «Ленинград центр» театрынын ээси болгон. Бирок Кремль Путиндин Кривоногихдердин үй-бүлөсү менен байланышын четке кагып келет.