Шиит дүйнөсүнүн руханий лидери, ханзаада Карим Ага Хан IV 4-февралда Лиссабондо 89 жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал үй-бүлөсүнүн курчоосунда Португалиянын Лиссабон шаарында «тынч көз жумду» деп айтылат анын кайрымдуулук уюмунун соцтармактардагы билдирүүсүндө.
Карим Ага Хандын жашоосунун маңызы гуманитардык жардам болгонунун айткан Paris журналы «анын жүрөгү алтындан жасалган» деп эскерди.
«1967-жылы негизделген Ага Хан Өнүктүрүү фонду дүйнө жүзү боюнча адамдардын диний көз карашына жана тегине карабастан жашоосун жакшыртуу боюнча ишин уланта берет», — деп билдиришкен фонддон. Бул фонд дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында, көптөгөн экономикалык жана социалдык долбоорлорду ишке ашырат.