Стамбулдагы катуу шамалдан каза болгондордун саны 4 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 38 адам ар кандай жаракат алды. Катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак-дарактарды тамыры менен жулуп кеткен.