Украина минералдык ресурстарды биргелешип иштеп чыгуу боюнча АКШ менен келишим шарттарын макулдашты. Дональд Трамп «Келишим 1 триллион долларлык болушу мүмкүн” деген. Бул тууралуу Financial Times жазды.
24-февралдагы келишимге ылайык, Украина мамлекеттик минералдык ресурстарды, анын ичинде мунай жана газды иштетүүдөн түшкөн кирешенин 50 пайызын, ошондой эле аны коштогон логистиканы кошо турган фондду түзүү каралган. Фонд Украинадагы долбоорлорго инвестиция салат. Ага Украинанын казынасын толуктап турган минералдык ресурстар кирбейт. Мисалы, «Нафтогаз» же «Укрнафта».