Испаниянын Валенсия шаарында нааразылык акциясы өтүп, ага 25 миңдей киши чыккан. Демонстранттар аймактын башчысы Карлос Мазондун 224 адамдын өмүрүн алган селге көңүл кош реакция кылган деп айыпташууда жана анын кызматтан кетишин талап кылышууда.
Кырсыктан миңдеген адамдар үйсүз калышты. Тургундар өзгөчө кырдаал тууралуу эскертүү кеч келип, жардам федералдык бийликтердин кийлигишүүсүнөн кийин гана бериле баштаганына нааразы болушууда. Валенсиялыктар уюлдук телефондоруна өзгөчө кырдаал тууралуу эскертүүнү суу ташкыны келгенден кийин бир нече саат өткөндөн соң гана алышканына нааразы болушту.
Масон кырсыктын масштабы күтүүсүз болгон деп жооп берүүдө.