Японияда 1200 тонна өлгөн балык жээкке чыгып калган. Адистер себебин аныкташууда

The Guardian 14-декабрда жазгандай, Япония бийлиги балыктардын массалык кырылышынын себебин аныктоого аракет кылып жатышат. Декабрь айында бир нече күндүн ичинде Хоккайдо аралындагы Хакодате балык уулоо портунун жанынан 1200 тоннага жакын өлгөн сардина жана скумбрия табылган.

Жергиликтүү тургундар буга чейин мындай көрүнүштү көрбөгөнүн айтышкан. Ал эми балыкчылар суудагы кычкылтектин көлөмүн азайтып, чирип, деңиз чөйрөсүнө зыян келтирет деп чочулап, балыктарды чогултууга шашылышкан. 

Адистер ар кайсы божомолдорду айтып жатышат. Алардын айрымдары миграция учурунда деңиз жырткычтарынан качып, өлүп калышы мүмкүн дешсе, башка эксперттер муну суунун температурасынын кескин өзгөрүшү менен түшүндүрүшөт. Так себеби азырынча тактала элек. Ал эми бийлик жергиликтүү тургундарды балыктарды жегенге жана сатканга болбой турганын жарыялашты.