Орусиялык ырчы Игорь Николаевдин жүрөк оорусу кармап ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Известия» жазды.
Учурда ал интенсивдүү терапиядан өтүп жатат. Николаевдин тез арада ооруканага жаткырылганы кечээ, 31-январда белгилүү болгон. Андан кийин инфаркт болуп, ооруканага жеткирилгени айтылган.
Ал «РИА Новости» агенттигине берген маегинде абалы жакшы экенин, жакынкы күндөрү угармандары менен жолугарын билдирген.
Игорь Николаев 63 жашта. 1980-жылы Москвадагы Маданият институтунун эстрада бөлүмүн аяктаган. Андан соң композитор катары артисттер менен кызматташып, жеке ырчы катары да өнөрүн тартуулады. 2001-жылы искусствого эмгек сиңирген ишмер, 2019-жылы Орусиянын Эл артисти наамын алган.