Кандайсыңар? Менин атым Бактурсун Жоробеков. SEREPTV телеканалында кабарчымын. Жай келип, шаардын кайнаган ысыгынан качып “Оруусай” эс алуу борборуна барып келдим. Бул жер — табияттын сулуулугуна суктанууну, таза абаны, тынчтыкты сүйгөндөр үчүн мыкты табылга. Тоонун башына чыгып алып, таза абадан дем алып эле рахат албастан, кооздукту карап көздүн, шыңгыр эткен суу менен чымчыктардын сайрашын угуп, кулактын да кумарын кандырдым. “Оруусай” тууралуу видеоматериалды көрүп, ушул жайга барып эс алууну сунуштайм.
Инстаграм: @oruusai
Телефону: 0225 41 11 22