Кыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө 29-марттан тарта башталды. Анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары, ошондой эле дарыгерлер биринчилерден болуп коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөгө кытайлык «Синофарм» компаниясы чыгарган вакцина колдонулду. Вакцина алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрүнө сайылат. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Мындан улам “Сиз коронавируска каршы вакцина аласызбы? Эгер алсаңыз, кайсыл вакцинаны алмаксыз?” деген суроонун алкагында шаар тургундарынын пикирин угуп көрдүк.
Шайлоо-2025. Кимге ийгилик жылмаят? Астролог айтып берет
30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Бул жарышта кайсы жылдыз белгисинин алдында төрөлгөндөргө ийгилик жылмаят? Үгүт учурунда эмне кылуу сунушталбайт,...










