Бүгүнкү каарманыбыз – улуу-кичүү муундун жүрөгүнөн түнөк тапкан обондорду жаратып, бүт өмүрүн музыкага, чыгармачылыкка арнап келе жаткан кыргыздын кызы Каныкей Эралиева. Каарманыбыз музыка дүйнөсүнө эрте келген жана ушул күнгө чейин топтогон тажрыйбасы жана билими менен көптөгөн шакирттерди таптап, бир топ адамдын чыгармачылыкка жол салуусуна түрткү болуп келет. #SEREPTV_podcast’та Кыргыз эл артисти, композитор, аткаруучу, Даңк орденинин ээси Каныкей Эралиева.
“Келиндер козголоңун” коюп батир сатып алган артисттер
Мындан 20 жыл мурда “Келиндер козголоңу” аттуу чыгарманы алгачкылардан болуп кыргыз коомчулугуна тартуулаган ырчы Асел Турдалиева жана бир катар артисттер...