Бүгүн күнгө жекшемби, 28-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына дээрлик жарым жыл, Садыр Жапаровдун президенттик кызматка расмий киришкенине туура 2 ай болду. Бул аралыкта ал Орусияга, Казакстанга жана Өзбекстанга сапарлар менен барып келүүгө жетишти. Бир күн ичинде өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана жаңы Конституция боюнча референдумга 2 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында Кыргыз мамлекети өзү кура албаган “Камбар-Ата-1” ГЭСи, кылмыш иштеринен кутулган Өмүрбек Бабанов, чек ара иштеринен улам коррупционерлерге убакыт таба албай жаткан Камчыбек Ташиев жана башка апта ичиндеги окуяларга саресеп салабыз.
БШК: «Фейк аккаунттарды комиссия аныктайт»
орку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосунун үгүт иштерине старт берилбей жатып социалдык тармактарда алдын ала үгүт жүргүзгөндөргө БШК чара көрдү. Айып...









