Биз дарыгерге чейинки жардамга арналган «Эгерде … болсоэмне кылуу керек?» деген материалдар сериясынжарыялоону улантабыз. Долбоордун авторлору ЖашооМедиа ден соолук жөнүндө маалыматтык порталы. БүгүнБишкектин Тез жардам борборунун дарыгери Александра Васильева менен үшүп калганда жана ысык өтүп кеткендеэмне кылуу керек деген суроолорго жооп издейбиз …
Үшүп калуу. Бул калтыроо, алы кетүү, дем алуунунжайлашы, көздүн сүзүлүшү сыяктуу симптомдордукамтыйт. Эгерде адамдын денесинин температурасы 35 градустан төмөндөсө анда кыйын абалга кабылат.
1-кадам. Адамды жылуу бөлмөгө алып баргыла, анданнымдуу кийимдерди чечип салгыла жана төшөк мененжапкыла.
2-кадам. Жылуу, бирок ысык эмес суусундук бергиле – ал дене табынан 20-30 градус ысык болбош керек.
2-кадам. Адам үшүп же суук өтүп кеткен абалга кабылса – токтоосуз түрдө тез жардам чакыргыла.
Маанилүү! Адамдын денесин катуу сүрүп же ысык суугасалуунун кереги жок – бул абдан катуу дендароо абалгаалып келиши ыктымал.
Эгерде адам ысык аба-ырайында же үп бөлмөдө көпкөжүрсө ысык өтүп кетиши мүмкүн. Анын белгилери: катуубаш оору, жүрөк айлануу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздануу, эс-учун жоготуу болушу мүмкүн.
1-кадам. Жабыркаган адамды көлөкөгө же салкын жергеалып баргыла.
2-кадам. Андан жылуулукту чыгарууга жолтоо кылганкийимдерин чечип салгыла жана муздата баштагыла – ал үчүн үстүнө муздак суу куйгула (бирок өтө муздак болбошкерек).
3-кадам. Адамга ичкенге муздак суу бергиле.
4-кадам. Эгерде жабыркаган адам эс-учун билбесе, аныкусундуга какатпоо үчүн кырынан жаткыргыла.
Маанилүү! Атүгүл жабыркаган адам өзүн жакшы сезипкалса дагы тез жардам чакыргыла. Аны сөзсүз дарыгергекөрсөтүү керек.
Жашоо Медиа деген эмне? Бул ден соолукка, жекенатыйжалуулукка жана өзүнө кам көрүү маселелеринеарналган маалыматтык портал. Анын миссиясы – жашоонунсапатын жакшыртуу, зыяндуу адаттар менен күрөшүүбоюнча текшерилген сунуштамаларды ж.б. окурмандаргаберүү. Сиздер Жашоо Медиа порталынан эксперттер жазганмакалаларды, өзүн өзү өнүктүрүү, физикалык жанаэмоционалдык бакубатчылыкты колдоо боюнчапрактикалык кеӊештерди таба аласыздар.