Коомчулукка Раим миллион аты менен таанылган Раимбек Матраимовдун өлкө аймагынан чыгарып кеткен акчалары, мурдагы бажычынын байлыгы тууралуу курч иликтөөлөрдү жасап, оозго алынган иликтөөчү журналист Али Токтакунов журналисттик иликтөөлөр фондун ачты. 18-февраль күнү фонддун ачылуу иш-чарасы болуп өтүп, ага журналисттин кесиптештери, санаалаштары жана жакындары катышты. Анда фонддун негизги максаты, багыты жана пландары тууралуу айтылып, Кыргыз темир жолундагы коррупциялык системанын бетин ачкан иликтөө биринчи ирет көрсөтүлдү.
Памирден келген кыргыздар: «Төрөлгөн балдарыбызга күбөлүк ала албай жүдөдүк»
Памирден келген бир боорлорубуз Нарын менен Алай жергесине отурукташкан. Алардын бир бөлүгү Чүй өрөөнүнүн Кара-Балта шаарына көчүп келип, түтүн булата...