Кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 20-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышты. “Ал Айтматовду Айтматов кылган жароокер жубай, мыкты эне, үлгүлүү кожойке жана мыкты киносценарист болгон”, — дешет маркумдун жакындары. Мария Айтматованын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.
«Өкмөт жакшы иштеген жетекчини көпкө иштетсе болмок». «Кыялдын» кызматкерлеринин кайрылуусу
Редакцияга Бишкектеги "Ош базарында" жайгашкан "Кыял" ишканасынын кызматкерлери кайрылышты. Алардын айтымында, аталган ишканага жарым жылдай мурда эле дайындалган директору бир...