Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун кеңешчиси Каныбек Осмоналиев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал өкмөттүн жаңы түзүмү иштеп кетет, мындан ары дагы кескин кыскартууларга барып, оптимизацияны улантуу керек деген пикирде. Ошондой эле ал Кыргыз-Өзбек тарап биргелешип Камбар-Ата ГЭСин куруу чечими туура болду деп эсептейт. «Эгер инвестор кошпосок өзүбүз кура алабызбы? Маселе ушунда. Жанагы чөптү кайтарган иттей болуп, же уйга чөптү жегизбей, же өзү жебей отура берген болбойт да?»,- дейт ал.
«Сайынган баңги жакында сот болуп дайындалды» | Марлен Маматалиев
Матраимовдун кармалышы, ага байланышы бар делген депутаттардын мандатын тапшыруусу, муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына баруусу... Өлкөдөгү соңку саясий окуялар жана эл...