“Мегатой” тасмасында Бакыт деген башкы каармандын ролун аткарып, эл оозуна алынган жаш актёр Нуржаасын Жумагулов жардамга муктаж. Учурда анын эки бөйрөгү тең жабыркап, бир бөйрөгүн чет өлкөдөн алмаштыруу зарыл. Актёр бул оору менен эки жылдан бери алышып келе жатканын, бирок коомчулукка жардам сурап кайрылуудан намыстанып жүргөнүн айтат. Толугу менен видеодо.
“Айянын көңүлүн оорутуп алганымды өзүм байкабаптырмын” | Талант 60`K, Айя Садырова
Ырчылар Талант Кадыров менен Айя Садырова эки жылдык тыныгуудан соң кайрадан чогуу иштеше баштады. Эски чыгармаларга жан берип, дуэт аткарып...