Бакыт Мамаев бир кездери «Арзуу», «Бойдоктор» жана башка ырларды аткарып, ал ырлар калың элге жайылып, хит болгон эле. Дал ошол ырчы, обончу, тамада Бакыт Мамаев бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын четиндеги жаңы конушта үйүнүн короосунда каз, өрдөк, тоок багат. Хоббисин бизнеске айланткан ал «аталган канаттуулардын эти, майы, алтургай жүнү да пайдага жарайт» дейт. Видеомаекте Мамаев «каз-өрдөгүмө досторумдун атын коюп алгам» деп күлдүрдү.
«Эркектердин» каармандары 15 жылдан кийин сырларын ачышты
Мындан 15 жыл мурун режиссёр Рустам Аташов кыргыз элине "Эркектер" аттуу комедиялык тасмасын тартуулаган. Ал тасма дисктерден көп көрүлүп, кызыгуу...