3-мартта Жогорку Кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамдын долбоорун биринчи окууда кабыл алышкандары коомдо кызуу талкууну жаратты. Бул боюнча куудул Рахман Разыков өз ою менен бөлүштү. Ал бийликке келген адамдардын сынды туура эмес кабыл алып жатышкандыгын белгиледи. Өз сөзүндө 1993-жылы кабыл алынган конституция дээрлик 3 жылда жазылгандыгына токтолуп, учурдагы кабыл алып жаткан мыйзам долбоорун кабыл алууда шашпай, атайын юристтердин, эксперттердин пикирин угууга чакырды.
Кыргызстанда «ТикТокко» тыюу салуу. Депутаттар чектөөгө кандай карашат?
Учурда Санарип министрлигине караштуу кызмат Кыргызстандагы интернет провайдерлерине 18-апрелге чейин "ТикТокту" бөгөттөөнү тапшырганы талкуу болуп жатат. Депутаттар бул боюнча эмне...