Эрмек Бекболотов – “Сүйөмүн”
11:07 17.12.2020
Ai-Dolls – “Кыргыздын балдары”
12:33 15.12.2020
Эрмек Бекболотов - "Эмне үчүн"
21:00 14.12.2020
Бишкекте жол тескөөчүлөрдөн качкан унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги 5 кишинин үчөө ошол жерден жан берди. Ооруканага 2003 жана 2005-жылы туулган жарандар жеткирилген. Социалдык тармактарда кырсык болгон жерде тартылган видео ...
Жол тескөөчүлөрдөн качкан унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги 5 кишинин үчөө ошол жерден жан берди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. 31-январь күнү таңкы саат алты жарымдар чамасында ...
Эртең, 1-февралда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн ...
Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев буга чейин бир катар Батыш өлкөлөрүндө болгон Куран өрттөлүүчү акцияны айыптады. "Куран - Алла Тааладан түшүрүлгөн болуп, анын бир тамгасы дагы өзгөртүлбөгөн, бурмаланбаган, бузулбаган. Куран адамзатка ...
Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 46 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Жалал-Абад ОИИБге 1985-жылы туулган Бакай-Ата районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында өткөн жылдын 20-сентябрь ...
"Мекенчил" депутаттар тобу Кытайдын статистикасына таянып, Кыргызстан менен Кытайдын бажыдагы товар жүгүртүүсү 15,5 миллиард долларды түзгөнүн билдирди. "Кыргызстан менен Кытайдын бажыдагы товар жүгүртүүсү 15,5 миллиард долларды түзгөнүн Кытай Эл Республикасы ...
Эртең, 1-февралда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ӨКМге жага Бишкек шаардык мэриясына унаалар тапшырылат. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Адинай Марипова билдирди.
"1000 сом карызы үчүн чет өлкөгө чыгарбай коюу туура эмес". Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди. "Элдин баары канча айып пулу бар экенин биле бербейт. Кээде жол эрежесин бузганы ...
Ош шаарынан 2007-жылы туулган өспүрүм адашып жүргөн жеринен табылып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИбден билдиришти. Адашып калган баланын аты-жөнүн аныктоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде ал Ноокат районунун тургуну ...
Лейлекте мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголгон. Жогорудагы кылмыш ...
Бүгүн, 31-январда Бишкекте башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө иши кыскартылган төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл сураган прокурор боюнча суроолор болду. “Ал сотто катышкан прокурордун өз ...
27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында баланы белгисиз эркек киши уруп жаткандагы видео жарыяланган. Кийинчерээк жаран кармалганы маалым болгон. 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун Мирмахмудов ...
Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыздар табылып, милиция айдоочуларга кайрылды. 24-январь күнү саат 12:45 чамасында Ноокен районунда 6-класста окуган классташ 2 кыз "мектепке барабыз" деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз ...
Өзүнүн Sigma ыкмасы менен белгилүү болгон кыргызстандык ТикТокчу Аргенбай YouTube'дан Алтын баскыч алды. Ал видеосун соцтармактагы баракчасына жарыялады. Аргенбайдын учурда YouTube каналында 4 миллион 800 миңден ашуун катталуучусу бар. Катталуучуларынын ...
Айпери Медет кызы Хорватиядагы турнирге катышат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти. Айпери Медет кызы 76 килограмм салмактагылар арасында чыгат. Рейтинг топтоочу турнир 1-5-февраль күндөрү Хорватиянын борбору Загребде өтөт. Буга чейин ...
1-класска электрондук каттоо апрель айынан башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, апрель айынан баштап каттоонун 1-этабы, каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлөт. 2-этабында ошол учурдагы жашаган жери боюнча ...
Салимжанов Бообек Эркинбекович Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
ӨКМ маалымат таратып, Бишкекте 7 жаштагы баланын жансыз денеси муздун астынан табылганын билдирген. Окуя боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, кечээ, 30-январда "102" кызматына муздун алдына бала түшүп кеткени ...
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында таштанды чыгарууга болгон тарифти көтөрүү маселесин талкуулоодо депутаттардын суроолоруна так жооп бербегени үчүн орун басары Жыргалбек Шамыралиевди сынга алды. Депутат Манас ...
Сүлүктү шаарынын жашоочусу өзүнүн үйүндө баңгизат өстүрүп, сактап жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Жаран тууралуу маалымат милицияга түшүп, 23-январь күнү Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө ...
№1 оранжереяда бир жылдык гүлдөрдүн уругу себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Биринчи партияда бир жылдык гүлдөрдүн 300 миң уругу себилип, жакында алар тамыр байлайт. "Алгач биздин кызматкерлер ачык жерге ...
Борбор калаадагы мейманканалардын биринде юристтер менен Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн жакындары чогулган тегерек стол шамдын жарыгында өтүүдө. Жыйындар залында жарык өчүрүлгөн. Чогулгандар шам жагып, журналисттер жасалма жарыкты күйгүзүштү. ...
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Төрөбаев тиешелүү жетекчилерге энергетикалык компанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча күбөлүк ...
Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон бардык кылмыш иштери кылмыштын негизинде козголгонун башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Журналисттер иш козголуп, анан жабылып калгандыктан, прокурорлор жазаланабы деген суроо ...
Кечээ, 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Ага төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын бөлүм башчылары катышты. Шакиев Координациялык кеңеш ...
Кечээ, 30-январда Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жардыруу болду. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды. Бийликтин маалыматы боюнча, кеминде 59 адам каза болуп, 150дөн ашууну жаракат алган. Алардын көбү полиция кызматкерлери, анткени ...
"Алматыда дагы бир отун менен жүргөн унаа кармалды", - деп билдирет Tengrinews.kz. Айдоочу салонуна меш жасап, эки жагына газ баллондорун коюп койгон. Милиция айдоочунун аты-жөнүн тактап, административдик иш козгоо үчүн ...
Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 27-январда Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап ...
"Быйыл “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторун модернизациялоо иштери күчөтүлөт". Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынында билдирди. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшыртылып, ...
Бишкектеги Октябрь районундагы Каралаев көчөсүндөгү каналдагы муздун алдына 2016-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине 11 куткаруучу, ыкчам топ тартылып, баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, Тез ...
Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Куренкеев көчөсү, 180.
Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222)
88-29-29
reklama@supertv.kg
©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.