Ишемби, 27.07.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 22.09.2023

Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Жоламан Шаршенбеков 60 ...

Селекциядагы кескиленген келиндин ишин ИИМ башчысы өз көзөмөлүнө алды

Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилөөгө шектүү камакта калтырылды

Селекцияда мурдагы жубайынын кулак-мурдун кескилөөгө шектүү соттун чечими менен камакта калтырылды. Маалыматка караганда, ал 20-ноябрга чейин камакта болот. «Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйнаган» деген маалымат соцтармакта тарап, ...

Чүйдө “улууларды сыйлабоонун” айынан киши өлтүрүү катталды

Чүйдө “улууларды сыйлабоонун” айынан киши өлтүрүү катталды

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 22-сентябрда милицияга Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына 1954-жылы туулган Жаңы-Жер айылынын ...

Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 17-21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Нью-Йоркко (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапары аяктады. Иш сапарын аяктап, 22-сентябрда өлкө башчысы Бишкек шаарына ...

Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда

Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков жарым финалда

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Белград шаарында (Сербия) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты. Спортчу 60 килограммга чейинки салмакта алгач 1/16 финалдык беттешинде боливиялык балбанды ...

Ташиевдин чек арага байланыштуу билдирүүсү боюнча депутаттар кандай ойдо?

Ташиевдин чек арага байланыштуу билдирүүсү боюнча депутаттар кандай ойдо?

Өткөн аптада УКМКнын төрагасы "Жаңы документтерди таптык. Эгерде тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз. Күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да ...

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 23-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан ...

Бишкек мэри: «Жол кирени көтөрүүнү караш керек. Автобустарды камсыздоо зарыл»

Бишкек мэри: «Жол кирени көтөрүүнү караш керек. Автобустарды камсыздоо зарыл»

"Жол кирени көтөрүүнү караш керек. Автобустарды камсыздоо зарыл". Бул тууралуу Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди. "Албетте, тургундардын ою эске алынат. Шаардык кеңештин депутаттары да өз ойлорун айтышат. Жол киренин көтөрүлүшүн ...

Жоламан Шаршенбеков атаандашын 44 секундда жеңип, чейрек финалга чыкты

Жоламан Шаршенбеков атаандашын 44 секундда жеңип, чейрек финалга чыкты

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда чейрек финалга чыкты. Ал 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Шаршенбеков биринчи беттешинде Литванын өкүлүн мөөнөтүнөн ...

«Аламүдүн» базарына жакын жерде тез тамактануучу жай күйүп кетти

«Аламүдүн» базарына жакын жерде тез тамактануучу жай күйүп кетти

Бишкектеги "Аламүдүн" базарына жакын жерде тез тамактануучу жай күйүп кетти. Өрт Жибек Жолу менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде чыккан. Өрттөнгөн жерде тез тамактануучу жай жайгашкан. ӨКМ азырынча маалымат бере элек. ...

«Айылдашы көргөн». Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды

«Айылдашы көргөн». Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды

Ошто 41 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти. 19-сентябрь күнү Кара-Кулжа РИИБге аял киши асынып алган боюнча кабар келип түшкөн. ...

«Унааңыздын айнегин караңгылаткыңыз келеби?». Акция башталганын билдиришти

«Унааңыздын айнегин караңгылаткыңыз келеби?». Акция башталганын билдиришти

Ички иштер министрлигинин “Унаа” мамлекеттик мекемеси унаа ээлерине жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргызстанда унаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу боюнча акция башталганын маалымдады. 2-октябрдан 30-ноябрга чейин автотранспорттордун алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу ...

Токмокто 5-класстын мугалими окуучуларды сабаганы айтылууда

Токмокто 5-класстын мугалими окуучуларды сабаганы айтылууда

Токмокто № 9 мектептин 5-классынын мугалими балдарды сабады деп айыпталып жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды. Маалыматка караганда, окуя сентябрь айында Токмок шаарындагы № 9 мектепте болгон. Буга далил катары ...

Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков беттешти жеңиш менен баштады

Дүйнө чемпиондугу: Жоламан Шаршенбеков беттешти жеңиш менен баштады

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңиш менен баштады. Балбан 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган. Анын биринчи атаандашы Литванын өкүлү болгон. ...

«Акундун» жетекчиси: «Эмнеге өздү жээрийбиз? Казак менен кыргыз ундун сапатында айырма жок»

«Акундун» жетекчиси: «Эмнеге өздү жээрийбиз? Казак менен кыргыз ундун сапатында айырма жок»

"Акун" компаниялар тобунун башкы директору Нуржан Давлетбекова соцтармактагы баракчасында Кыргызстандын унун сатып алууга чакырып, видео менен бөлүштү.  "Мени таң калдырып жаткан жагдай - бул казактын уну кымбаттаса, кыргыздардын чуу көтөргөндүгү. ...

Өзбекстанда жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылган аял 5 жылга эркинен ажыратылды

Өзбекстанда жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылган аял 5 жылга эркинен ажыратылды

Самарканд облусунун Акдарыя районунун кылмыш соту жаңы төрөлгөн баласын 50 миллион сумга (364 миң сомдун тегереги) сатууга аракет кылган аялдын ишин карады. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды. Соттолуучу 50 миллион сум ...

«Силер мыктысыңар!». Тыныбекова Жуманазарова менен Медет кызына эртерээк сакаюуну каалады

«Силер мыктысыңар!». Тыныбекова Жуманазарова менен Медет кызына эртерээк сакаюуну каалады

"Азыр ичимде эмоциялар кайнап турган учуру!". Бул тууралуу үчүнчү жолу Дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова соцтармактагы баракчасына жазды. "Бул жолу дагы оор болду, бирок сиздердин чексиз колдооңуз мага ар дайым ...

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталды

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталды

Бүгүн, 22-сентябрда “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө, ишкер субъекттерин колдоого багытталган маселе талкууланды. Анда жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн ...

Баткенде чет өлкөдө иштегендердин колдоосу менен «Элден элге жардам» дүкөнү иштеп жатат

Баткенде чет өлкөдө иштегендердин колдоосу менен «Элден элге жардам» дүкөнү иштеп жатат

Баткен шаарында "Элден элге жардам" кайрымдуулук дүкөнү иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Баткен шаарынын жана районунун аймагынан барып, чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин демилгеси менен Баткен ...

Калмак-Ашуусунда изделип, кийин табылган айдоочунун унаасын оңдоп беришти (видео)

Калмак-Ашуусунда изделип, кийин табылган айдоочунун унаасын оңдоп беришти (видео)

Нарындын Калмак-Ашуусунда калган Белоруссиянын МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын бузулган тектиктери оңдолуп, айдоочу андан ары сапарын улады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 19-сентябрь күнү Белоруссиядан жүк тартып келе жаткан айдоочу ...

Жеки Чан Димаш Кудайбергендин Кытайдагы аткаруусуна суктанды (видео)

Жеки Чан Димаш Кудайбергендин Кытайдагы аткаруусуна суктанды (видео)

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кытайдын Чэнду шаарында өткөн биринчи эл аралык Golden Panda (Алтын Панда) кинофестивалынын башкы ырын аткарганын Tengri Life басылмасы билдирди. Артист симфониялык оркестрдин коштоосунда кытайлык ырчы Вэй ...

«Мен чемпион болгум келген». Айпери Медет кызы бутунан жаракат алганын билдирди

«Мен чемпион болгум келген». Айпери Медет кызы бутунан жаракат алганын билдирди

"Мен чемпион болгум келген. Бирок бутумдагы жаракаттан улам беттешти уланта алган жокмун". Бул тууралуу кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Instagram баракчасына жазды. "Бул Дүйнө чемпиондугуна чейинки басып өткөн жолубуз оңой ...

Сүйүнчү! Эрмек Таалайбеков менен жубайы Бекзада Жолборсова кыздуу болушту

Сүйүнчү! Эрмек Таалайбеков менен жубайы Бекзада Жолборсова кыздуу болушту

Актёр, режиссёр Эрмек Таалайбеков менен блогер Бекзада Жолборсова кыздуу болушту. Социалдык тармактарда анын жакындары, сахналаштары, достору куттуктап жаткан чагы. "Сүйүнчү! Кыздуу болдук. Мен сени сүйөм, азаматсың", - деп жазды актёр. Түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан. ...

Дубайда сатыкка чыга элек iPhone 15ти алууга кезекке тургандар ызы-чуу болушту (видео)

Дубайда сатыкка чыга элек iPhone 15ти алууга кезекке тургандар ызы-чуу болушту (видео)

Дубайда iPhone 15 сатыла баштаганга бир күн калганда кардарлардын узун кезеги пайда болду. Жүздөгөн адамдар соода борборлордун алдында чогулуп, кезек талашып, түртүшүп жаткан видеолору тарады. Бул тууралуу The National басылмасы ...

Айнагүл Токобаева «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды

Айнагүл Токобаева «Кыргызфильм» киностудиясынын директору болуп дайындалды

Маданият министрлигинин буйругунун негизинде, Айнагүл Токтобаева 21-сентябрдан тарта Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын директору болуп дайындалды. Ал 1983-жылы Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун экономика факультетин аяктаган. Ошондон бери "Кыргызфильм" ...

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты

Айсулу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү. Ал Дүйнө чемпиондугун жеңгенден кийин рейтингди жаңылады. Жаңыланган рейтинг ушул күндөрү Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча чыгарылган. ...

«2 жыл операция жасоо укугунан ажыратылды». Бетин жасатып, тырык болуп калган келинге соттон жооп беришти

«2 жыл операция жасоо укугунан ажыратылды». Бетин жасатып, тырык болуп калган келинге соттон жооп беришти

SuperTV телеканалына буга чейин 33 жаштагы Асел Корчуева аттуу жаран кайрылган. Ал Бишкектеги “Ош базарындагы” сулуулук салондорунун биринен бетин жасатам деп, жапа чеккенин айткан. Ал редакцияга иш сотко өтүп, Ленин райондук соту чечим ...

«Артынан чуркап». Бишкекте жөө адам менен өспүрүмдү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды (видео)

«Артынан чуркап». Бишкекте жөө адам менен өспүрүмдү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды (видео)

Бишкек шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу үйүнөн табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Бишкек шаарынын Лермантов менен Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жайгашкан мектеп жанындагы жөө адамдар ...

Страница 1 of 2 1 2

АРХИВ

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.