Ишемби, 29.06.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 02.11.2023

«Жаратылышты сүйгөндөр үчүн: эки бакча менен курчалган DEM турак-жайы»

«Жаратылышты сүйгөндөр үчүн: эки бакча менен курчалган DEM турак-жайы»

✅“Кадам” курулуш компаниясы элдин каалоосун эске алып, “DEM” турак жай комплексинин куруу иштерин баштады. Турак жай шаардын экологиялык таза, тынч аймагында жайгашкан. Курулуп жаткан турак жайдын айланасында бала бакча, мектеп, ...

“Садыр Жапаровдун уулу колдоду”. Бишкекте “Ниет” тасмасынын бет ачары өтүп жатат

“Садыр Жапаровдун уулу колдоду”. Бишкекте “Ниет” тасмасынын бет ачары өтүп жатат

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Азамат Арыковдун “Ниет” тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Арыков өзү билдиргендей, бет ачарга жакындары, тааныштары жана демөөрчүлөр чакырылган. “500 киши чакырсак, 600дөй киши келди окшойт” ...

Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов… Кимдер мандатын тапшырат?

Искендер Матраимов, Шайлообек Атазов… Кимдер мандатын тапшырат?

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 2-ноябрда Көлбаев-Матраимов "мафиясын" мамлекеттик жана саясий чөйрөдөн тазалоого катуу бел байлаганын жарыялады. Ушуга байланыштуу жакынкы күндөрү айрым чиновниктер, депутаттар жана кезегинде "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку ...

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды

Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан) барды. Мамлекет башчынын борту "Нурсултан Назарбаев" эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды. ...

Бала бакчалардагы тамак-аш эми ата-энелердин акчасынан берилет. Депутаттардын пикири

Бала бакчалардагы тамак-аш эми ата-энелердин акчасынан берилет. Депутаттардын пикири

Бала бакчалардагы тамак-аш эми толугу менен ата-энелердин каражатынын эсебинен берилет. Бул маалымат соцтармакта айрым ата-энелер тарабынан нааразычылыкты жаратууда. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

Картаңыз жок болсо, жол кире 25 сом. Мэрия бул система токтотулганын билдирди

Картаңыз жок болсо, жол кире 25 сом. Мэрия бул система токтотулганын билдирди

Мэрия 1-ноябрдан тарта транспорттук жол кире акысын накталай төлөсө болорун, бирок кымбатыраак — 25 сом болорун билдирди. Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов 24.kg'ге муниципалитет мындай системаны киргизүүнү «деталдуу изилдөө үчүн» ...

Депутаттар кийинки аптада аймактарда иш алып барат

Депутаттар кийинки аптада аймактарда иш алып барат

Жогорку Кеңештин депутаттары 9-14-ноябрь күндөр аралыгында шайлоочулар менен аймактарда иш алып барат. Мындай чечим 2-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Ташиев: «Мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт»

Ташиев: «Мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт»

"Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ болбойт дегенбиз, биз ошол сөзгө турушубуз керек". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. "202 мамлекеттик кызматкер уюшкан кылмыштуу топко, коррупцияга байланыштуу кызматтан алынды. Мындан ары ...

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. “4,6 миллион сомду кайрымдуулукка беребиз” дейт маркумдун апасы

Апасы, кызы жана уулу киши колдуу болгон окуя. Прокурор шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну сурады

Прокурор Бишкекте 3 адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашираливди өмүр бою эркинен ажыратууну сурады. "Спутник" жазгандай, анын мүлкү конфискацияланып, өзгөчө тартиптеги колонияга киргизүү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Алтынай Канзамановага ...

Адахан Мадумаров ооруканадан тергөө абагына киргизилди

Адахан Мадумаров ооруканадан тергөө абагына киргизилди

Бүгүн, 2-ноябрда депутат Адахан Мадумаров Республикалык кардиология борборунан УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти. 26-октябрда Адахан Мадумаровдун ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткендигине байланыштуу УКМКнын тергөө абагынан ...

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда 3-ноябрда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Астана шаарына жөнөп кетти. Саммиттин алкагында өлкө лидерлери ...

Өмүрбек Израилов, Анвар Осмоналиев… Кыргыз драма театрынын актёрлору сыйланышты (видео)

Өмүрбек Израилов, Анвар Осмоналиев… Кыргыз драма театрынын актёрлору сыйланышты (видео)

Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз драма театрынын актёрлору Маданият министрлигинин сыйлыктары менен сыйланышты. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти. "Театрыбыздын таланттуу актёрлору Атай Өмүрбеков, Канболот Атакан уулу “Маданияттын мыкты кызматкери” төш ...

Айсулуу Тыныбековага “Нарын даңкы” сыйлыгы тапшырылып, “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Айсулуу Тыныбековага “Нарын даңкы” сыйлыгы тапшырылып, “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 2-ноябрда Айсулуу Тыныбекова Нарын жергесине иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Спортчу кызды Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов тосуп алды. Анда облус жетекчиси Айсулуу ...

Бала бакчадагы тамакты ата-энелер камсыздайт. Министрлик түшүндүрмө берди

Бала бакчадагы тамакты ата-энелер камсыздайт. Министрлик түшүндүрмө берди

Бала бакчаларда тамакты ата-энелердин акчасына жүзөгө ашырылышы боюнча Билим берүү министрлиги түшүндүрмө берди. 11-августта кабыл алынган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28-беренесинин 4-пунктунда тамактанууну каржылоо булактары болуп: 1) республикалык бюджеттин каражаттары; ...

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаа. Экинчи милиция кызматкери оор абалда ооруканада

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаа. Экинчи милиция кызматкери оор абалда ооруканада

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришкендей, ал ...

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду (видео)

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду (видео)

Чүй облусунда дары лабораториясы жок кылынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Дарылар даярдалган дары лабораториясы Аламүдүн районунун Прохладное айылында жайгашкан. 25-октябрда ИИМдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн эки ...

Камчыбек Ташиев УКМКнын Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты (сүрөт)

Камчыбек Ташиев УКМКнын Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачты (сүрөт)

УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы салынган жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Бүгүн, 2-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмүнүн жаңы ...

Каза болгон милиция кызматкери Төө-Ашууда өрттөнгөн май ташыган унааны өчүрүүгө жардам берген

Каза болгон милиция кызматкери Төө-Ашууда өрттөнгөн май ташыган унааны өчүрүүгө жардам берген

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден ...

Депутат ооруканада комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүн айтты

Депутат ооруканада комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүн айтты

Депутат Максатбек Сарбагышев Улуттук госпиталдан видео тартып алганын айтып, көрсөтөрүн билдирди. Ал ооруканада лифт иштебей, комада жаткан бейтапты тепкичтен көтөрүп түшүрүлгөнүнө күбө болгонун айтты. “Кечээ Нейрохирургия бөлүмүндө отурсам реанимациядан чыгарып ...

Депутат: «Ооруканада дарылануу суммасы 14,5 миң сомго көтөрүлүптүр, бул элге оор»

Депутат: «Ооруканада дарылануу суммасы 14,5 миң сомго көтөрүлүптүр, бул элге оор»

Депутат Максатбек Сарбагышев бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо тармагындагы маселени көтөрдү. “Ооруканага жатып дарылануу суммасы 14 миң 500 сомго көтөрүлүптүр, карапайым элге бул сумма оор. Азыр айылдан келген ...

Бишкектеги соода борборлордо бомба бар экенин айткан жигит кармалып, кайрылуу жасады (видео)

Бишкектеги соода борборлордо бомба бар экенин айткан жигит кармалып, кайрылуу жасады (видео)

Террордук акт тууралуу жалган маалыматтарды тараткан адамдын кармалышы тууралуу УКМКдан маалымат беришти. Кыргыз жараны интернет колдонуучуларынын жеке маалыматтарын хакерлик жол менен алуу жана уурдоо, фейк жаңылыктарды жөнөтүү, анын ичинде КМШ ...

«3 бала атасыз калды». Милиция кызматкери өрт кырсыгына жардам берем деп көз жумду

«3 бала атасыз калды». Милиция кызматкери өрт кырсыгына жардам берем деп көз жумду

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. Дилмурат Шамшиев ...

“Чыпалак бала” жомок сериалынын бет ачары өттү

“Чыпалак бала” жомок сериалынын бет ачары өттү

Кечээ, 1- ноябрда “Кыргыз сериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси тарабынан өспүрүмдөргө арналган “Жеңилбес Жетөө” долбоордун алкагында тартылган “Чыпалак бала” жомок сериалынын бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты. “Чыпалак ...

Бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Жогорку Кеңеште бала бакчаларды ысык тамак менен камсыздоону кайрадан мамлекетке жүктөө боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул туурасында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди. "Өкмөт тарабынан Билим берүү мыйзамы келген. Ваучердик каржылоонун ...

Шакиевдин демилгеси менен акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү иш-чарасы өттү

Шакиевдин демилгеси менен акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү иш-чарасы өттү

Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлгөн ыр кечени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев демилгелеп, керектүү каражатты резервдик фондунан бөлүп берген. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты. Иш-чарада акындын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылып, ырлары көркөм ...

«Элдик кабарчы»: «Бишкектеги кафени бузуу иштери жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жатат» дейт күбөлөр

«Элдик кабарчы»: «Бишкектеги кафени бузуу иштери жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жатат» дейт күбөлөр

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин "Элдик кабарчы" бөлүмүнө окурман кайрылып, Бишкекте бузулуп жаткан “Ожак кебап” кафесин бузуу иштери жөө адамдарга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтты. Окуянын күбөлөрү билдиргендей, Чүй проспектиси менен Шопоков ...

Бишкекте изделип жаткан жигиттин жансыз денеси капчыгайдан табылды. Аны унаа үчүн өлтүрүп коюшкан

Бишкекте изделип жаткан жигиттин жансыз денеси капчыгайдан табылды. Аны унаа үчүн өлтүрүп коюшкан

Башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Маалыматка караганда, 22-октябрда саат 10:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгына учураган ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү ...

Кадамжайда жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, айдоочу менен дубал алдында калган аял жан берди

Кадамжайда жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, айдоочу менен дубал алдында калган аял жан берди

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, айдоочу менен кулаган дубалдын алдында калган аял каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты. Маалыматка караганда, ...

Каракол шаарына кар жаады (видео)

Каракол шаарына кар жаады (видео)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечээ түнү кар жааган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, видео менен бөлүшүп жатат. Маалыматка караганда, бул биринчи кар. https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/11/img_2260.mp4 https://serep.kg/wp-content/uploads/2023/11/img_2261.mp4

Кыргызстанда жүрөккө жасалуучу бекер операция. Бейтаптар кайда кайрылса болот?

Кыргызстанда жүрөккө жасалуучу бекер операция. Бейтаптар кайда кайрылса болот?

31-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради менен жолугушкан. Жолугушууда Арабиядан келген дарыгерлер Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгы маалым болгон. СЕРЕП ...

АРХИВ

Ноябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.