Ишемби, 29.06.2024
Бишкек booked.net
+19...+31° C

День: 16.11.2023

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана наристе күтүп жатканын ачыкташты

«Акыркы сабактагы» Кутман менен Океана наристе күтүп жатканын ачыкташты

«Акыркы сабак" сериалындагы Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек наристе күтүп жатканын ачыкташты. Алар кубанычтуу кабарын социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт менен бөлүшүштү. "Биз ата-эне болобуз. Кичинекей үй-бүлөбүз чоңоюп жатат. Сезимдерибизди сөз ...

Футбол: Кыргызстан Малайзиядан утулуп калды

Футбол: Кыргызстан Малайзиядан утулуп калды

Бүгүн, 16-ноябрда футбол боюнча 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна тандоо беттеши Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өттү. Оюндун жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 3:4 эсебинде Малайзиядан утулуп калды. "Жеңилүүгө карабастан, команда алдыга умтулуп, Оманга ...

Аружан & Бота: «Кыргызстанда көбүрөөк таанымалбыз»

Аружан & Бота: «Кыргызстанда көбүрөөк таанымалбыз»

Казак кыздары, Кыргызстанда да таанымал болгон блогерлер Аружан Бекешева менен Акбота Нурахын SUPERTV`да конок болуп, достук темасында маек курушту. Акыркы учурда Кыргызстанда популярдуулугу артып бараткан блогерлер эфир учурунда бири-бирине болгон ...

17-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 17-ноябрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз ...

Кыргызстанда убакытты 1 саатка артка жылдырууну сунуштап жатышат

Кыргызстанда убакытты 1 саатка артка жылдырууну сунуштап жатышат

Кыргызстанда убакытты бир саатка артка жылдырууну дарыгер Нурали Койлубаев менен “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов демилгелеп жатканын айтышып, АКИпресс-Ошто өткөн жыйында билдиришти. Алардын айтымында, Кыргызстан 2005-жылдан бери UTC+6 ...

Жер тилке берем деп 2 айылдашын алдап кетүүгө шектүү кармалды

Жер тилке берем деп 2 айылдашын алдап кетүүгө шектүү кармалды

Эки айылдашын алдап кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ...

Кытайда көмүр ишканасынан өрт чыгып, 25 адам каза болду

Кытайда көмүр ишканасынан өрт чыгып, 25 адам каза болду

Кытайдын Шаньси провинциясындагы Люйлян шаарындагы көмүр ишканасынан өрт чыгып, 25 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. Маалыматка караганда, өрт 16-ноябрда саат 06:50 чамасында башталган. Өрт Shanxi Luliang Lishi ...

Шакиев кыргыз парламентинин башка өлкөлөрдүн парламентинен айырмасын айтты

Шакиев кыргыз парламентинин башка өлкөлөрдүн парламентинен айырмасын айтты

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Акылбек Жапарав баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана КМШ ПААнын күзгү сессиясына катышуу үчүн ...

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат

Жогорку Кеңештин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз парламентинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүп жатат. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышып жатышат. Конференция Кыргызстандын гимни менен ...

Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

Матвиенко Садыр Жапаровго орус тилин колдоого алып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн өлкөгө келген Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкону кабыл алды. Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери, ...

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкекте наристесин таштандыга таштаган келин эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, Октябрь райондук соту келиндин бөгөт чарасын ...

Ысык-Атада жеңил унаа поезддин алдына кирип кеткен. 3 адам жаракат алды

Ысык-Атада жеңил унаа поезддин алдына кирип кеткен. 3 адам жаракат алды

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден Ысык-Атадагы темир жолдо болгон кырсык тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, кырсык 13-ноябрда саат 15:30 чамасында Жээк менен Дмитревка айылдарынын ортосунда катталган. ВАЗ 21150 үлгүсүндөгү унаанын ...

Бишкекте сыйлуу конокторду тосуп алган сулуулар бул сапар кандай кийиништи?

Бишкекте сыйлуу конокторду тосуп алган сулуулар бул сапар кандай кийиништи?

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Анда сыйлуу конокторду тебетей, элечек жана шөкүлө кийген кыздар тосуп алууда. ...

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин спикерлери келишти. Кандай тосуп алышты?

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламентинин спикерлери келишти. Кандай тосуп алышты?

Бүгүн жана эртең Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Ага катышууга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстандан делегациялар келишти. ...

Ошто унаасын сатууну каалаган жаранга кутудагы Айфондорду таштап кеткен. Аны ачкан жаран милицияга кайрылды

Ошто унаасын сатууну каалаган жаранга кутудагы Айфондорду таштап кеткен. Аны ачкан жаран милицияга кайрылды

Ошто алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары "Коён" каймана аттуу жаран кармалган. Милиция анын буга чейин бир нече жолу кармалганын билдирди. Милицияга ...

Бишкектин тургуну баңгизат колдонгондорду үйүндө багып, аларга баңгизат саткан

Бишкектин тургуну баңгизат колдонгондорду үйүндө багып, аларга баңгизат саткан

Бишкек милициясы баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делген жарандан баңгизаты сатылып алынган, ...

«Кайын журтка болгон ызамды кыздардан чыгарчумун». Ошто эгиз кыздарын сабаган келин оор тагдырын айтып берди

«Кайын журтка болгон ызамды кыздардан чыгарчумун». Ошто эгиз кыздарын сабаган келин оор тагдырын айтып берди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева видеодо энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Социалдык тармактарда аял кичинекей кыздарды сабап жаткан учурда тартылган видео жарыялангандан кийин ...

2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандыкты уюштургандардын лидерлери кармалды

2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандыкты уюштургандардын лидерлери кармалды

2010-жылдын июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандардын лидерлери жана уюштуруучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан кылмыш иштеринде болгон материалдарынын алкагында 13-ноябрда Сузак районунун Таш-Булак айылынын аймагынан Кыргыз ...

«Апасы рактан каза болуп, атасы өлтүрүлгөн». Чүйдө өгөй ата 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

«Апасы рактан каза болуп, атасы өлтүрүлгөн». Чүйдө өгөй ата 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

Чүйдө 11 жаштагы кызды зордуктоого өгөй атасы шектелип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 18-августта Токмок ШИИБге социалдык коргоо адиси кайрылган. Ал арызында жашы жете элек кыз 1985-жылы ...

Казакстандын калкы 20 миллионго жетти

Казакстандын калкы 20 миллионго жетти

Казакстанда 20 миллионунчу жаран төрөлдү. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдирди. «Казакстандын калкы 20 миллионго жетти! Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм! Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу ...

Астанада Манастын эстелиги тургузулду (сүрөт)

Астанада Манастын эстелиги тургузулду (сүрөт)

Казакстандын Астана шаарында Манастын эстелиги тургузулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди. Маалыматка караганда, эстеликти тургузуу иштери аяктап калды. Ал Астанадагы борбордук көчөлөрдүн бирине тургузулган. "Ачылышы күн жылыганда ...

Чүйдө чет өлкөлүк жарандан 59 миллион сомдон ашык акчага бааланган баңгизат аныкталды

Чүйдө чет өлкөлүк жарандан 59 миллион сомдон ашык акчага бааланган баңгизат аныкталды

3-ноябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы "Манас аэропорту – Бишкек шаары" унаа жолунда ...

Садыр эмес. Таштандыдан табылган наристеге башка ысым берилди

Садыр эмес. Таштандыдан табылган наристеге башка ысым берилди

Таштандыдан табылган баланын аты Садыр коюлган жок. Бул тууралуу журналисттерге Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Буга чейин № 1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Замира Матубраимова ага өлкө башчынын атынан ...

«Паранжа парз эмес». Муфтият паранжа кийип, сакал коюуга айып салуу мыйзам долбоору боюнча үн катты

«Паранжа парз эмес». Муфтият паранжа кийип, сакал коюуга айып салуу мыйзам долбоору боюнча үн катты

Өлкөдө паранжа кийгендерге, сакал коюуга айып салуу каралып жатат. Мыйзам коомдук талкууга коюлду. Муфтият бул боюнча үн катты. "Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта аялдар үчүн колу (алаканы), ...

Бишкекте троллейбустардын иши токтотулду

Бишкекте троллейбустардын иши токтотулду

Бишкекте троллейбустардын иши токтотулду. Бул тууралуу троллейбус башкармалыгынан билдиришти. "16-17-ноябрда Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт. Делегацияларды өткөрүү учурунда Бишкектин айрым көчөлөрүндө чектөөлөр киргизилет. Буга байланыштуу ...

Түрлөп тамак жасаган таластык блогер интернетти «жарып» жатат (видео)

Түрлөп тамак жасаган таластык блогер интернетти «жарып» жатат (видео)

Учурда социалдык тармактарда Жакшылык Күмүшбеков фудблогер катары таанылып келе жатат. Ал өзүнө мүнөздүү болгон кызыктуу трюктарды көрсөтүп, аны менен катар даамдуу тамак жасап, рецеби менен бөлүштү. Анын айтымында, ТикТокко аны ...

Нарында жубайы жолдошун 5 күндөн бери издеп жатат

Нарында жубайы жолдошун 5 күндөн бери издеп жатат

Нарында Сагынов Алмазбек Абдыжапарович дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти. 12-ноябрь күнү Нарын шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 11-ноябрь күнү саат 15:00 чамасында арыздануучунун жолдошу 1970-жылы ...

Бишкекте таштандыдан табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин айтты

Бишкекте таштандыдан табылган наристени таенеси багып алууга даяр экенин айтты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкектеги таштанды челектен табылган наристени таенесине берүү караларын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, Таластын тургуну келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таянесине берүү ...

Түрлөп тамак жасап, интернетти “жарган” таластык блогер

Түрлөп тамак жасап, интернетти “жарган” таластык блогер

Жакшылык Күмүшбеков интернетте фудблогер катары белгилүү. Ал бул видеодо өзүнө мүнөздүү болгон кызыктуу трюктарды көрсөтүп, аны менен катар даамдуу тамак жасап, рецепти менен бөлүштү. Толугу менен видеодо.

АРХИВ

Ноябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.