Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окурман Ошто каналга агып бара жаткан куткарып калышкан видеону жөнөттү. Окурмандын маалыматына ылайык, 29-июль күнү Ош...