Мамлекет тарабынан бул иш боюнча адвокат дайындалган эмес жана шектүүнүн мыйзамдуу өкүлүнөн Юридикалык жардам кызматынын дарегине квалификациялуу юридикалык жардам алууга эч кандай арыз түшкөн эмес (себептери жөнүндө иликтөө жүргүзүлөт). Кызматтын координаторлору шектүүнүн энеси менен байланышып, адвокаттын жардамын сунушташты. Бала юстиция боюнча адвокаттардын Балдар үчүн адистештирилген реестринен мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам алат. Бул иш Юстиция министрлигинин көзөмөлүнө алынды.
Кара-Балта дарыясынын жээгинен ок атуучу куралдар табылды (видео)
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык ок атуучу куралдардын катылган жери табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун...