Кечээ, 28-майда соцтармактарда Бишкекте кайгуулчулар кыздарга кол салып жатат деген видео тараган. Кайгуул милициясынан инспекторлор менен кыздардын чыры боюнча өз версиясын билдиришти.
Маалыматка караганда, Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак иштебей калып, инспекторлор унаа кыймылын жөнгө салып жаткан. Бирок аларга өспүрүмдөр тоскоолдук жараткан. Инспекторлордун айтымында, кыздар кайырчылык кылып жатышкан. Кайгуул кызматкерлери кыздарга түшүндүрүп, аларды жолдон чыгарууга аракет кылган. Бирок алар баш ийбей, кызматкерлерди чаап, тээп жиберишкен. Инспекторлор күч колдонбостон, аларды Октябрь РИИБине жеткиришкен. Кыздардын ар бирине 1000 сомдон айып салынып, үйүнө коё берилген. Ошондой эле кыздарды көчөдө акча чогултууга мажбур кылгандар текшерилет. Кыздар каражатты кайрымдуулукка чогултуп жатканын айтышкан.
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы...