Кытайда Лаки аттуу хаски породасындагы ит онлайн түрүндө ээсинин айткандары менен күрүчтү бышырган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кытайлык жаран күрүчтү жууп, күрүч бышыргычка салып коюп, азык алып келгени дүкөнгө чыгып кеткен. Көчөдөн кармалып калганына байланыштуу видеобайкоочу камера аркылуу итине күрүч бышыргычты күйгүзгөндү үйрөтмөкчү болот. Ал видео аркылуу «күрүч бышыргычты айтып жатам, розетка эмес. Жанында турганды карасаң» деп бир нече жолу кайталап отуруп күрүч бышыргычты күйгүздүрөт.
Маалыматка ылайык, Лаки буга чейин онлайн команда аткарып көргөн эмес. Бирок сууну чыгаруу, өчүрүү, унитаздын суусун агызуу, унаада коопсуздук курун кийүү деген командаларды үйрөнүп алганы айтылат.
Лакинин бул «эрдиги» өткөн жумада Кытай интернет талаасына кеңири тарап, ит интернет жылдызына айланган.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...