Ноокат районунун тургуну тракторунун айнегин күндөн калкалоочу клеёнка менен караңгылатканы үчүн 20 миң сом айып салынган. Аталган окуя боюнча жарандык активист Болот Ибрагимов пикирин билдирди.
«Беренеде алдыңкы эшиктин айнегин клеёнка менен караңгылатууга тыюу салынат деп жазылган. Ал эми видеодон трактордун эшиги жок, арткы бөлүгүндөгү эшиги жок айнекке клеёнка чапталганын көрүүгө болот. Тракторчуга айып пул мыйзамсыз салынган. Негизи ал каршы чыгыш керек болчу. 6 миңден ашык сумма, бул кимдир бирөө үчүн маанилүү болбошу мүмкүн. Бирок тракторчу мыйзамсыз коюлган айып пулду төлөдү — бул факты», — деген Болот Ибрагимов.
20-июнь күнү Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тракторчу токтотулуп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесинин 4-бөлүгүн (айнекти караңгылатып алган) бузгандыгы үчүн 20 миң сом айып салынган.
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткенин бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов соцтармактагы баракчасына жазды. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок...
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...