«Жашоону сүйгөн адам катары элес калтырган». №27 колонияда концерт берген ырчы Гүлназ Чыныбек кызы «атынып алды» делген жоокер тууралуу эскерди (видео)
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде концерт берген учурундагы видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукка жакшы кабыл алынган. Аталган видеодон позитивдүү маанайда ырчынын коштоп бийлеп жаткан жоокерлердин арасында 29-июль күнү атынып алды делген жоокер да болгон. Гүлназ Чыныбек кызы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркум жоокерди позитивдүү, шайыр бала катары эстеп калганын айтты.
— Мындан 15 күндөй мурун ушул Кайтаруу жана күзөтүү департаментинен чалышып: “Аскерлерибиздин духун көтөрүп, маанайын көтөрүү максатта келип чакан концерт коюп берип кете аласыздарбы?” деп суранышканынан убакыт аябай тыгыз болгонуна карабай 17-июль күнү аэропорттон түз барып ырдап кеткен элем. Гонорар бере албасак да кабыл алыңыз деп китеп белек кылышкан болчу. Андан да мага жоокерлердин маанайы бир аз болсо да көтөрүлүп калганына, чер жазып бийлеп алышканына кубанып кеткен элем…
Кайран жаш өмүр… Өмүрүмдө бир эле жолу көрсөм дагы көз алдымда аябай позитивдүү, жашоону сүйгөн инсан катары элес калтырды эле… Жоокер жигиттин жакындарына терең кайгыруу менен кайгыларын тең бөлүшөм», — деп эскерди ал күн тууралуу ырчы айым.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган....
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды. "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган,...
Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...
Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазга...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты....