Бүгүн, 21-августта Орусияда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы ири жол кырсыгы катталды. Окуядан тартылган видеолор соцтармакта жарыяланууда.
Ульянов облусунун Николаев районундагы Прасковьино жана Новопасское айылдарынын ортосундагы М-5 «Урал» автожолунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги маалымат таратты. Алдын ала маалымат боюнча, окуянын кесепетинен 16 адам каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргыз жараны, үчөөнүн жарандыгы такталып жатат, алар медициналык мекемеге жаткырылган. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында окуя болгон жерге барышкан.
Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульянов районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү.
Элчилик каза болгон жана жабыркаган Кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишеним телефонун уюштурду. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде да +996 551 312-000 түз байланыш телефону ачылды.
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткенин бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов соцтармактагы баракчасына жазды. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок...
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...