Жаңы өкмөт түзүлөт, өкмөттүн жаңы структурасы болот. Бул тууралуу кечээ, 25-январда Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган.
Анын айтымында, азыр реформа баштала элек. Реформа 28-январдагы ант берүүдөн кийин башталат.
“Коррупция жоголбой жатат. Коррупция менен күрөшөбүз деп өз билемдик кылганды токтоткула. Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Мен бир дагы күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек.
28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот. Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт”, — деп жазылат.
Ал саясий процесстер май-июнь айларына барып бүтөрүн кошумчалады.
“Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула. Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем”, — дейт Садыр Жапаров.