Кечээ, 5-ноябрда Түштүк Кореянын борбору Сеулда 60 миң адамдын катышуусунда митинг өттү. Алар Итэвон районундагы тыгынга күнөөлүүлөрдү жазалоону, атүгүл президенттин отставкага кетүүсүнө чейин талап кылышты.
Айрым ЖМКлар кырсыктан каза болгондордун биринин апасын көрсөтүп, ал президент менен Сеулдун мэринин коомдук мемориалга барып койгон гүлчамбарын сындырып салган. «Биздин балдарды сактап калбаган соң, бул гүлдөрдүн эмне кереги бар?» деп кыйкырган ал аял.
30-октябрга караган түнү Сеулдун Итэвон районунда жайгашкан «Хемильтон» мейманканасынын жанында Хэллоуин майрамы белгиленип, анда массалык тыгын жаралган. Каза болгондордун 22си чет өлкөлүк экендиги аныкталды. Арасында Кытай, Иран, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Австрия, АКШ, Франция, Вьетнам, Шри-Ланка, Австарлия, Норвегия, Таиланддын жарандары бар.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...