Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара толук аныкталып бүткөндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы бир нече өткөрмө постторду ишке киргизүү макулдашылган. Анын ичинде Жалал-Абад облусунан 6, Оштон 3 чек ара өткөрмө посттунун ачылуусу күтүүлүүдө.
«Бек-Абад» чек ара посту жөө адамдарды жана унааларды өткөрүүгө ылайыкталууда. Кирип чыккандарды каттоо үчүн жалпы алты терезе орнотулуп, күнүнө 7-8 миң кишини тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. «Бек-Абад» чек ара өткөрмө пункту Жалал-Абад облусун Өзбекстандын Андижан облусу менен бириктирет. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жалпысынан 15 чек ара өткөрмө бекеттери бар.