Жекшемби, 13.07.2025
Бишкек booked.net
+17...+35° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Кызыл туубуз көк серпип желбиреп, гербибиз мөөр болуп басылып, гимнибиз түбөлүк жаңырсын»

14:15 18.12.2022
0
Садыр Жапаров: «Кызыл туубуз көк серпип желбиреп, гербибиз мөөр болуп басылып, гимнибиз түбөлүк жаңырсын»

Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда кыргызстандыктарды өлкөнүн Мамлекеттик гимнинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу: 

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калайык-калк!

Өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, эркиндикке кулач жайып, демократия жолуна түшкөнү мамлекетибиздин символикалык белгилерин кабыл алып, келечекке жол алганбыз. Мына бүгүн ошол ыйык белгилерибиздин бири болгон Мамлекеттик гимнибизге 30 жылдын жүзү болуп олтурат.

Бардыгыңыздарды жаңырса жүрөк толкуткан, көкүрөккө кол басып өлкөнүн эгемендигин, азаттыгын ураан кылган Кыргыз мамлекетинин гимнинин 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бир улут өзүнө таандык мүнөзү, тили, маданияты менен өзгөчөлөнөт. Ал эми улуттун мамлекет катары калыптанышы, көз карандысыздыгы – бул элдин эң башкы бакыты, олжосу! Ошол бакытты, ошол жетишкендикти даңазалап, өлкө тагдырынын кечээгисин баяндап, бүгүнкүсүн ырастап, эртеңкисине илгери үмүт менен караткан, атуулдук сезимди ойготкон мурастуу музыкалык-поэтикалык салтанаттуу ырыбыз, ыйык символубуз – бул мамлекеттик гимнибиз!

Өз мезгилинде “легендарлуу парламент” атыккан Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чакырылышынын депутаттары мамлекеттик символдорду кабыл алууга олуттуу мамиле жасап, келип түшкөн варианттарды тыкыр карап чыккан. Сунушталган эки вариантты жуурулуштуруп иштеп чыгууну тапшырып, жыйынтыгында сөзү Жалил Садыковго жана Шабданбай Кулуевге, музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык эмгек тандалып алынганы тарыхта белгилүү. Аты аталган залкарларыбыз арабызда жок болгону менен алардын калтырган улуу мурасы кыргызстандыктардын жүрөгүнө бекем орноп, атуулдук ариетке ар дайым дем болуп турат.

Ата-бабаларыбыздан бери келаткан ыйык мурастарыбызды, каада-салтыбызды, нарк-насилибизди, ак калпактуу асыл элибизди, Ала-Тоодой кең мекен – жерибизди, өз алдынча мамлекет болгон эгемендигибизди чагылдырып, түптүү калкыбызды биримдикке, достукка, ынтымак-ырашкерчиликке үндөгөн касиеттердин баары Гимнибизде камтылганы талашсыз.

Ошондуктан биз ар кандай мамлекеттик, эл аралык, республикалык, маанилүү расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ыйык туткан, баш ийип таазим кылган Гимнибиз менен баштайбыз.

Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгын майрамдап, белгилөө менен эле тим болбостон, аны келечек муун көкүрөгүндө алып жүргөн ыйык тумардай бапестеп, мындай салтты мындан ары да урпактардын улантып кетишине өзгөчө көңүл буруу ‒ ыйык парызыбыз деп эсептейм.

Анткени Мамлекеттик гимн улуттун улуу символу катары көөнөргүс руханий мурастарыбызды сактоого, элибиздин баалуу казынасын байытууга, жаш муундардын мамлекетке, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, мекенчилдикке, атуулдук ар-намыска, жаратмандыкка тарбиялоого үндөп турат.

Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык, келечегибиз жарык болсун! Түндүгүн күн чайыган кызыл туубуз көк серпип желбиреп, гербибиз мөөр болуп басылып, жүрөк туйлаткан гимнибиз түбөлүк жаңырсын!

Эгемен улуу элибиз мамлекеттик символдорун ыйык тутуп, ынтымакта, биримдикте бакубат өмүр сүрсүн!

Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, бакыт, токчулук, береке каалайм! Бар болуңуздар!”

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

Автор Эдита Ильясова
13:23 13.07.2025
0

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Кечээ, 12-июль күнү Озгур айылынан агып өткөн...

Орозайым Нарматова турмушка чыкты (видео)

Орозайым Нарматова турмушка чыкты (видео)

Автор Эдита Ильясова
11:28 13.07.2025
0

Саясатчы, экс-депутат Орозайым Нарматова турмушка чыкты. “Бул жолдон көпчүлүк өткөн, жеңген, кайткан, өкүнгөн. А мен тек гана бактылуу болгум келет,...

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
10:59 12.07.2025
0

Ош шаарында президент Садыр Жапаров тарабынан ыйгарылган 54 “Баатыр эне” ордени жана 44 “Эне даңкы” медалын тапшыруу аземи өттү. Бул...

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Автор Эдита Ильясова
10:51 12.07.2025
0

7-июль күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Тапсан сеники” Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп...

«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

Автор Эдита Ильясова
21:41 11.07.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Орозайым Нарматова турмушка чыкты (видео)

Орозайым Нарматова турмушка чыкты (видео)

11:28 13.07.2025
Бишкекте казак улутундагы аялдарга уятсыз сөздөр менен кайрылган жаран кармалды

Бишкекте казак улутундагы аялдарга уятсыз сөздөр менен кайрылган жаран кармалды

13:31 13.07.2025
Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

13:23 13.07.2025
Бишкекте казак улутундагы аялдарга уятсыз сөздөр менен кайрылган жаран кармалды

Бишкекте казак улутундагы аялдарга уятсыз сөздөр менен кайрылган жаран кармалды

13:31 13.07.2025
Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигит изделип жатат

13:23 13.07.2025
Орозайым Нарматова турмушка чыкты (видео)

Орозайым Нарматова турмушка чыкты (видео)

11:28 13.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү