Маалыматка караганда, 27-декабрда түнкү саат 01:47 чамасында милицияга Кайыңды шаарындагы массалык мушташ боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция Кайыңды менен Панфиловканын өспүрүмдөрүнүн арасында мушташ болуп, ок атылганы маалым болгон. 2005-жылы туулган өспүрүм сабалып, телефону жоголгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.
Караколдо жол чарба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниянын жетекчиси кармалды
Каракол шаарынын муниципалдык жол чарба ишканасынын мурдагы директору жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жергиликтүү өз алдынча...