Бүгүн, 29-декабрь күнү «Эмгек сиңирген артист» наамын алгандардын катарында эстрада ырчысы, бир топ ырлардын автору Урмат Усенов да бар. Ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине сыйлыкты үмүт менен күтүп келгенин билдирди.
«Сахнага чыкканыма 18 жыл болуптур. Ар бир маданият тармагында иштеген адам мамлекеттик жогорку сыйлыкты күтөт. Мен да үмүт менен күтүп келгем. Документти мурун эле тапшырганбыз. Өз кезегин күтүп жатып, мына минтип убагы келгенде алып отурабыз. «Эмгек сиңирген артист» наамын алуу менен жоопкерчилик эки эсе жогорулады. Бүгүн теңтуштарымдан тышкары мен сыйлаган, кумир туткан залкарлар чалып куттуктап жатышат. Бул да чоң сыймык, кубаныч», — дейт Урмат Усенов.
Кечээ, 3-августта Бишкектеги тойканалардын биринде ырчы Айыма Айылчиеванын кыз узатуу тою өттү. Тойго анын жакындары жана сахналаштары чакырылган. Ырчы айым...
Казак ырчысы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү каалай турганын билдирди. "Мен бул жерде концерт берүүнү аябай каалайм, бирок дүйнөлүк тур...
Казак ырчысы Димаш Кудайбергенге президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» наамы ыйгарылган. Ал бүгүн, 23-июлда өткөн маалымат жыйында муну сый-урмат...
"Мейкин Азия" фестивалынын баш байгесин румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды. Ага 8000 доллар байге берилет. Бул тууралуу Маданият министрлигинен...
конечно министрликте иштеп аткандар же таанышы барлар албаганда ким алат? таанышы жоктор 18 жыл эмес 20-30 жылдан бери мыкты кызматкер деген төш белгиге жете албай жүргөндөр толтура. дагы көп нерсе жазайын дейсиң бирок баары бир өйдө жактагыларга үнүң жетпейт.
конечно министрликте иштеп аткандар же таанышы барлар албаганда ким алат? таанышы жоктор 18 жыл эмес 20-30 жылдан бери мыкты кызматкер деген төш белгиге жете албай жүргөндөр толтура. дагы көп нерсе жазайын дейсиң бирок баары бир өйдө жактагыларга үнүң жетпейт.