28-декабрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүү фактысынын бети ачылып, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну кармалды. Кармалган жарандан далил буюм катары окуя болгон күнү кийип жүргөн канга боёлгон кийимдери жана маркумдун денесине жараат келтирген кылмышка шектүүнүн колунун изи калган бышык кыш алынды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.
Кылмышка шектүүгө карата Кара-Суу райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып 2 айга камака алуу чарасы тандалды. Ал Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
18-декабрь күнү саат 02:20 чамасында милицияга кабар келип түшүп, Сарай айыл аймагынын Киров айылындагы кароосуз калган турак жайдан 70-75 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдиришкен. Ал Ош шаарынын 75 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, жансыз дененин эмне себептен каза болгондугун тактоо максатында жана денесинде алган жаракаттарынын оордук даражасын тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.
Ленин РИИБдин кызматкерлери ИИМдин Бишкек шаары боюнча Кызматтык иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаранды...
Коррупцияга каршы күрөшүүдө улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу иштер менен катар, УКМК инвесторлордун жана ак ниет ишкерлердин укуктарын...
Социалдык тармактарда “Lamborghini” үлгүсүндөгү авто унаа Ысык-Кол облусунун аймагында каршы тилкеге чыгуу менен жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратып жаткандыгы...
Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш каралып, сот өкүмү чыкты. Соттон билдиришкендей,...
Кечээ, 30-июлда Балыкчы шаарынын тургуну Балыкчы ШИИБге алдамчылык фактысы боюнча кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Анын айтымында, белгисиз адамдар...