Жума, 06.06.2025
Бишкек booked.net
+19...+38° C

Финансы министрлиги: «Өткөн жылы пенсия 90 пайызга чейин көбөйтүлдү»

2022-жылдын 11 айы үчүн Социалдык фондго пенсиялык камсыздоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга республикалык бюджеттен 29 миллиард 352 миллион 300 миң сом бөлүнгөн, анан ичинен:

  • мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоого – 18 миллиард 867,5 миллион сом;
  • электр энергиясы үчүн компенсацилык төлөмдөрдү каржылоого – 2 миллиард 9,8 миллион сом;
  • аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо каржылоого – 4 миллиард 204 миллион сом;
  • калктын айрым категорияларына жеңилдетилген пенсиялык камсыз кылууну каржылоого жана (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майыптардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын аймактарда жашагандарга жана башка) пенсияларга кошумча төлөө каржылоого – 3 миллиард 989,8 миллион сом;
  • Баткен облусунун өзгөчө статусу бар чек арага жакын аймактарында туруктуу жашаган пенсионерлердин пенсияларга компенсациялык төлөмдөргө — 281,2 миллион сом.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Социалдык фондго трансферттердин көлөмү 42,3 пайызга же 8 миллиард 729 миллион сомго көбөйгөн. Негизинен, өзгөрүүлөр демографиялык өзгөрүүлөргө (пенсия алуучулардын санынын көбөйүшү), ошондой эле Баткен облусунун пенсияларына компенсациялык төлөмдөр берилип башталгандарына байланыштуу.

Ошондой эле, 2022-жылы пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоо максатында Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрыда №504 “2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому кабыл алынды. Айтылган токтомго ылайык пенсиянын базалык бөлүгү пенсионерлердин бардык категориялары үчүн 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулатылган. 

Окшош

Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты

Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын активисттери жана жергиликтүү тургундары менен...

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев өзүнүн эмгек жамааты менен биргеликте оор...

Жогорку Кеңештин төрагасы дарыгерлердин айлыгы качан жогорулай турганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы дарыгерлердин айлыгы качан жогорулай турганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районунда жайгашкан авариялык абалдагы медициналык жайлардын абалы менен таанышты. “Дени сак улут –...

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.