Ишемби, 12.07.2025
Бишкек booked.net
+17...+33° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Кара-Сууда ок атылып, 2 адам ооруканага түшкөн окуя. Ишкерлер ири суммадагы акча тууралуу айтышты

17:48 03.02.2023
0
Кара-Сууда ок атылып, 2 адам ооруканага түшкөн окуя. Ишкерлер ири суммадагы акча тууралуу айтышты

Бүгүн, 3-февралда Ошто жеке ишкерлер, октон жаракат алып ооруканада жаткандардын жакындары жана жактоочу маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Алардын айтымында, каракчылык жасагандар соодагерлердин ири суммадагы акчасын тоноого үлгүрбөй, качып кетишкен. Акча Бишкек шаарына жеткирилгенден кийин ИИМдин кызматкерлери аны «контрабанда» деген жүйө менен алып, Бишкектеги банктардын бирине коюп коюшкан. Ал эми жыйын өткөргөндөр ал акча Кара-Суу базардагы ишкерлердики экенин айтты.

«Ишкерлер товарды чет өлкөдөн алып келишет. Бул жердеги жигиттердин баары Кара-Суу базарында соода менен алектенишет. Бул жигиттер бизнес баштаганда Дубай, Кытай, Түркияга барып, ал жактан шериктерди таап, иштеп баштагандар болуп саналат. Ошентип мурда 10 адам акчаны чет өлкөгө алып чыгып, товар алып келсе, кийинчерээк баарынын акчасын бир адам ташый турган болгон. Соодагерлердин акчасын Сайфидин Рузиев алган. Товарды сатып алууда, акчаларды жеткирүүдө ушул киши аркылуу иш жасап келишкен. Аталган жагымсыз окуя боюнча азыр 4 кылмыш иши бар. Тергөөнүн сыры дегенди билесиздер, ошонун негизинде бардык эле маалыматтарды ачыктоого болбойт. Бул соодагерлер кезектеги акчасын топтоп, Сайфудин Рузиевге берген. Ал шеригине акчаны берип, Бишкекке жөнөткөн. Бишкекте дагы ушундай эле бир топ бизнесмендердин акчасы топтолгон болот. Бул жактан барган акча менен Бишкектеги топтун акчасын бириктирип, эки киши чогуу учуп, акчаны чет мамлекеттеги даректерге жеткирип жүрүшкөн. 27-январь күнү кечинде ушул соодагерлердин акчасын алып баруучу эки жигитке кол салуу болуп, бирок акчаны ала алышкан эмес. Ал балдар жараат алып, ооруканада жатышат. Эң өкүнүчтүүсү, ошол каракчылардын колуна түшпөй калган акча Бишкекке жеткирилип, ал жактагы ушундай эле соодагерлердин акчасы менен бирге чет мамлекетке учуп кетерде мамлекеттик органдар «бул контрабандалык акча» деп акчаны алып коюшту. Ошол акчаны алып кетип жаткан кишилерди да камап, кылмыш ишин козгошту. Бул расмий декларациясы бар мыйзамдуу акча болгон. Өлкө жетекчилеринен акчаны кайтарып берүүнү суранабыз», — деди маалымат жыйынга катышкандардын бири.

  • 27-январь күнү милицияга Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жаракат алып, Ош шаардык ооруканага түшкөндүгү кабарланган. Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, Нариман айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа менен келип, үйдүн короосуна киришкен. Бул жарандарда ок атуучу курал болгон. Үйдүн жашоочулары өздөрүнүн Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан. Алардын аткан огунан жарат алышкан 2 жаран ооруканага кайрылышкан. Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы жаран ич тарабынан жана 21 жаштагы жаран бутунан ок атуучу куралдан алган жаракаттарынан улам жаткырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин 207-берененин негизинде (каракчылык) кылмыш иши козголду. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 23:21 чамасында Мерседес-Бенц-Вито үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, учурда изин жашырып качып кетишкен белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар улантылууда.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернаттан чыккан өрттөн бир адам ууланды

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернаттан чыккан өрттөн бир адам ууланды

Автор Эдита Ильясова
15:24 10.07.2025
0

Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында өрт чыкты

Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатында өрт чыкты

Автор Эдита Ильясова
11:56 10.07.2025
0

Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...

Бишкектеги көлгө эркек киши чөгүп кеткен видео тарады

Бишкектеги көлгө эркек киши чөгүп кеткен видео тарады

Автор Эдита Ильясова
10:44 10.07.2025
0

Социалдык тармактарда Бишкектеги "Кара жыгач" эс алуу багында эркек киши сууга чөгүп каза болгону тууралуу видео тарап жатат. СЕРЕП МЕДИА...

Таласта СИМ-карта сатып алган келин алданып калганын билген

Таласта СИМ-карта сатып алган келин алданып калганын билген

Автор Эдита Ильясова
12:08 09.07.2025
0

Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...

Кыргыз улуттук университетинен 2710 студент окуудан чыгарылды

Кыргыз улуттук университетинен 2710 студент окуудан чыгарылды

Автор Эдита Ильясова
10:21 09.07.2025
0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Чөп менен кошо таңгакталып калган эчкемердин сүрөтү тарады

Чөп менен кошо таңгакталып калган эчкемердин сүрөтү тарады

14:53 11.07.2025
«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

"Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!" Ош мэри рейдде

21:41 11.07.2025
Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

10:59 12.07.2025
Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

10:59 12.07.2025
Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

10:51 12.07.2025
«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

"Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!" Ош мэри рейдде

21:41 11.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү