«Эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт. Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, соцтармактарга таратышууда. Чындыгында биз — маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, соцтармактагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар. Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет», — деп жазылат президенттин маалымат кызматынын башчысынын билдирүүсүндө.
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен Чолпон-Атада жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолугушту. Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык...